Астанага жакынкы рейс менен баруунун 5 себеби
RU

Астанага жакынкы рейс менен баруунун 5 себеби

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында
Казакстанда ушул күндөрү масштабдуулугу жана уюштурулушу боюнча Олимпиадага тете болгон Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жатат.

Оюндардын ачылыш аземине көпчүлүгү түз эфирден күбө болушуп, иш-чара жүрөк толкуткан масштабы жана кооздугу менен көрүүчүлөрдү өзүнө тартты.

Көчмөндөрдүн эң кызыктуу мелдештерин жандуу көрүүнү каалагандар үчүн 13-сентябрга - жума күнгө чейин убакыт бар.

Эмне үчүн бул иш-чарага баруу керек:

  • Уюштуруучулар спорттук эле эмес, илимий программа да даярдашкан. Казакстандын Улуттук музейине көчмөндөрдүн жашоо образы, тамак-ашы жана тарыхы тууралуу кызыктуу саякат сунушталат.
  • Белгилүү "Экспо" аянты реалдуу көргөзмөлөрдүн талаасына айланды. Анда Борбордук Азиянын тургундары кандай жашап, күн кечиргендиги тууралуу кызыктуу көрүнүштөрдөн баштап, баатырлардын кармаштарына жандуу күбө болосуз.
  • Алдыда сиз спорттун 20дан ашык түрүнө күйөрмандык кыла аласыз. Ар бир оюн бүйүр кызытып, көрүүчүлөрдү ордунан тургузуп, оюнчулардын ар бир кыймылын толкундануу менен кароого мажбурлайт. Мындай эмоция жана адреналин кадимки спорт аянтчаларында сезилерлик эмес.
  • Эстетикалык ырахат. Бүткүл Астана жана ар бир сынак өтүүчү жай өзгөрүп, көчмөн маданиятынын эң мыкты бөлүгүнө айланды. Сиз байлардын турмушуна сүңгүп кирип, ата-бабаларыбыздын күнүмдүк турмушунун атмосферасында улуттук тамактардан даам татсаңыз болот. Өзүңүздү өткөн кылымдарга барып келгендей сезесиз.
  • Оюндардын жабылуу аземине катышууга да мүмкүнчүлүк болот. Жыйынтыктоочу бөлүк алдын ала маалыматтарга караганда, ачылыш аземинен да ашып түшөрү күтүлүүдө.

Албетте, казак элинин мыкты аракетинин аркасында баштапкы нускада жок жаңы жаркыраган элементтерди, кызыктуу деталдарды кошкону уюштуруучулук жана атмосфера ого бетер жакшырыптыр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17264