Ошто 1,5 жашар наристе кайнап жаткан шорпого түшүп кеткен. Ал чарчап калды
RU

Ошто 1,5 жашар наристе кайнап жаткан шорпого түшүп кеткен. Ал чарчап калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Ноокат районунда 1,5 жаштагы наристе казандагы шорпого түшүп кеткен. Тилекке каршы, наристе ооруканада чарчап калганын редакцияга Ош ШИИБден ырасташты.

29-августта саат 18:10 чамасында Ак-Буура милиция бөлүмүнө Ош облустар аралык ооруканадан билдирүү түшкөн. Анда күйүк алган 2023-жылы туулган наристе оорукананын күйүк-жараат бөлүмүндө чарчап калганы айтылган.

Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Милициянын ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, кароо жүргүзүп, тийиштүү материалдар жыйналган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө 2023-жылы туулган бала 14-августта болжол менен саат 17:00 чамасында 3 жаштагы бир тууганы менен кубалашып ойноп жатып, чалынып кетип кайнап жаткан шорпого түшүп кеткен. Денесинин көп бөлүгү күйүп, Ноокат райондук оруканасына кайрылган. Абалы оорлошуп, 16-августта Ош облустар аралык ооруканасынын күйүк-жараат бөлүмүнө түшкөн. Алган жаракаты оор болгондуктан 29-августта чарчап калган.

Наристенин ата-энеси жана жакын туугандары эч кимге доосу жок экендигин айтышы, денесин соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышкан.

Учурда бул факты боюнча кошумча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17263