Сокулуктагы окуучунун өлүмү: Министрлик окуя сабактан тышкары болгонун маалымдады
RU

Сокулуктагы окуучунун өлүмү: Министрлик окуя сабактан тышкары болгонун маалымдады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Комсомол айылында 9-класстын окуучусу соккудан кийин каза болгон. Билим берүү жана илим министрлиги окуя сабактан тышкары болгонун маалымдады.

Мекеменин билдирүүсүндө балдар 5-сентябрда сабактан кийин мектептен чыгып кетишкен деп айтылат.

"2008-жылы туулган Б.С. мектептен 2 чакырым алыстыкта 9-класстын окуучуларын (болжолдуу 25-30 бала) чогулткан. Анда өз ара чечишип алган соң 20дай бала кетип калган. Б.С. калган окуучуларды тизип алып уруп жатканда 2009-жылы туулган Э.А. өзүн жаман сезип, эсин жоготкон. Балдар ошол жерден ага жасалма дем алдыруу жасап, бетине суу чачышкан, бирок бала өзүнө келбегендиктен "Тез жардам" чакыртышкан", - дешет министрликтен.

Чүй ОИИББден кылмышка шектүү катары 2008-жылы туулган Б.С. кармалып, Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин маалымдаган. Учурда окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза даярдалып, Сокулук РИИБ тарабынан тергөө иштери жүрүүдө.

Билим берүү министрлиги "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын 40-беренесинин 4-пунктуна ылайык, ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) билим берүү уюмунун аймагынан тышкары жана окуу убактысынан тышкары жүргөн билим алуучулардын ден соолугу жана өмүрү үчүн толук жоопкерчилик тартышарын эске салды.

Башкы беттеги сүрөт: иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17280