Аскар Акаевге экс-президент макамын кайтаруу керекпи? Элдин пикири
RU

Аскар Акаевге экс-президент макамын кайтаруу керекпи? Элдин пикири

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Жогорку Кеңешке экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнүп кат жолдогону белгилүү болду. Ал парламентке жолдогон катында экс-президент макамынан мыйзамсыз ажыратылганын айткан. Kaktus.kg редакциясы бул боюнча элдин пикирин укту.

Сурамжылоого катышкан жарандардын ою экиге бөлүндү. Бир тарабы Акаевдин аялы жана балдары саясатка аралашып, атасынын атын булгаган дешип, экс-президент макамын кайтарса болот деген ойлорун билдиришти.

Экинчи тарабы Акаевдин айынан Кыргызстанда көптөгөн ишканалар сатылганын айтышып, өлкөнүн азыркы экономикалык кризисине аны күнөөлүү дешти. Албетте, алар мурунку президентке экс-президент макамын берүүгө каршы.

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин экс-президент макамын кайтарып берүүнү өтүнүп Жогорку Кеңешке жиберген каты коомчулукта кызуу талкуу болуп жаткан чагы.

Анын жазган арызы боюнча президент Садыр Жапаров да комментарий берген болчу. Анда ал бул маселе Жогорку Кеңештин эркине жараша деп билдирген. Ал эми айрым депутаттар Акаевге экс макамын берүүгө каршы экендигин айтышууда. Саясат талдоочулар эгер, Аскар Акаевге экс макамын берсе, анда башка президенттер да кайрыларын айтышууда. Жогорку Кеңеш кандай чечим кабыл алуусу мүмкүн? Экс макамды берүү саясий-коомдук абалга кандай таасирин тийгизет?

Экс-президент макамын алгандар кол тийбестикке ээ болот, мамлекеттик кайтарууга алынат, кызматтык унаа берилет, медициналык кызмат үй-бүлө мүчөлөрүнө да акысыз көрсөтүлөт. Ошондой эле экс-президент макамды алган кишиге мамлекеттик дачалардын бири өмүр бою колдонууга берилет. Жана башка кошумча артыкчылыктар каралаган.

Азыркы учурда Аскар Акаевге Кыргызстанга келип кетүүгө эч кандай тоскоолдук жок.

Аскар Акаев 1990-2005-жылдары Кыргызстандын президенти болгон. 2005-жылдын 24-мартындагы төңкөрүштөн кийин Россия мамлекетине чыгып кеткен.

Ал 2022-жылы 14-декабрда Бишкекке келген жана "Кумтөр" иши боюнча сурак берген. Ага чейин август айында да келип кеткени айтылган.

Акаевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, 1992-жылы "Камеко" компаниясы менен башкы келишим түзүү жана 2003-жылы "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоо эпизоддоруна шалаакылык көрсөтүү боюнча айып тагылган.

Башкы прокуратура кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендиктен Аскар Акаевге козголгон кылмыш иши токтотулганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17224