"Биз университетте жашайлыбы?!". Студенттер сабактардын графигине нааразы
RU

"Биз университетте жашайлыбы?!". Студенттер сабактардын графигине нааразы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Быйыл жогорку окуу жайдын студенттеринин көпчүлүгү саат 10:00дөн кийин окуп жатышат. Бул шаардагы унаалардын тыгынын жоюу үчүн кабыл алынган чечимдердин бири болчу. Бирок жогорку окуу жайларда экинчи нөөмөттө окугандар окуудан кеч тарап жаткандарын айтып, окуу менен жумушту айкалыштырган айрым студенттерге кыйын болуп жатканын айтышууда. Буга ылайык Kaktus.kg редакциясы студенттердин оюн билип көрдү.

Редакциянын сурамжылоосуна катышкан студенттердин дээрлик көбү сабактардын саат 10:00дө башталышы ыңгайсыз экендигин айтышты. Себеби, алардын катарында окуудан кийин курска барып, ар кыл секция, ийримдерге жетишейин же иштейин дегендери бар. Алар окуу кеч башталганы үчүн эч нерсеге жетишпей жаткандарын айтышууда.

"Саат 8де эле окусак жакшы болмок. Бул жактан кээде абдан кеч тарайсың. Окуудан кийин мен иштейин деп ойлоп жаткам, бирок окуумдун бул графигине такыр туура эмес болуп жатат", - дейт студенттердин бири.

"Саат 10дө деле унаалардын тыгыны көп"

Дагы бир студент саат 10дө деле тыгын жоюлбай, кээде окууга баруу үчүн бир жарым саат жолдо жүрүүгө аргасыз болуп жатканын айтты.

Бирок араларында шашпай, уктап алып окууга көңүлдүү келип жатабыз дегендери да болду.

Эске салсак, бийлик Бишкектеги унаалардын тыгынын жоюу үчүн окуучулар менен студенттердин окуусунун мөөнөттөрү жылдырылгын. Окуучулар саат 7:30да окуп башташса, студенттердин паралары саат 10:00дө башталууда.

Белгилей кетсек, муниципалитет шаардагы унаа тыгынын азайтуу үчүн ар кандай сунуштарды көтөрүүдө. Мэрия унаалардын мамлекеттик номериндагы акыркы сандарга карап жолго чыгууну, аймактардан келген транспорттон акча алууну дагы демилгелеп жатат.

Муниципалитет буга чейин шаардын ортосундагы темир жолду кесип өтө турган 8 көпүрө же өтмөк курмай болгон. Бирок учурда бир эле жерден өтмөк ачылып жатат. Ушул эле маселени чечүү үчүн тыгын көп көчөлөргө альтернативдүү жолдорду салуу демилгеленип, кошумча жолдорду салуу да пландалган.

Айбек Жунушалиев мэр болуп дайындалганда ага 2024-жылдын биринчи кварталында унаа тыгынын чечүү тапшырмасы берилген.

Депутаттар эмне дешет?

Жогорку Кеңештин 11-сенябрындагы жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев өкмөттүн студенттер саат 10дөн баштап окусун деген токтому Бишкектеги жол тыгынын ого бетер көбөйткөнүн белгиледи. Айтымында, алар саат 21:00гө чейин окугандыктан жол тыгыны 21:30га чейин уланууда.

"Бишкектеги унаалардын тыгыны абдан чоң болуп жатат. Өкмөт токтомду чыгарган. Ага ылайык, студенттердин сабагы саат 10:00дө башталат. Бирок, чындыгында экинчи нөөмөт деген нерсе бар да. Алар кечки саат 20:00, 21:00ге чейин окуп жатышат. Эми тыгындар 18:00дөн баштап, 21:00-21:30га чейин уланып жатат. Силер унаалардын тыгынын дагы үч саатка узартып жатасыңар. Ушул өкмөттүн чечимин түшүнбөй жатам. Алмасбек Абытов (президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү), келгиле студенттер менен эксперимент кылганды токтотолу. Биз алар менен дайыма эксперимент жүргүзүп келебиз. Бул чечимди артка кайтарыш керек", - деди Дастан Бекешев.

Ал эми парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев мектептеги сабакты саат 7:30да баштоо да туура эмес экенин билдирди.

"Дастан Далабаевич, абдан туура маселени көтөрдүңүз. Бизге да көптөгөн кайрылуулар келип жатат. Негизи, эртең мененки саат 7де бөбөктөр мектепке барыш үчүн алтыда туруш керек. Андан кийин кечки саат 20, 21:00гө чейин сабак окушуп, кечки тамактануусу 22, 23:00гө чейин созулуп жатканы айтылып жатат. Бул маселени Министрлер кабинети чукул чечиш керек", - деген.

Азырынча Министрлер кабинети студенттердин окуу убактысын кайрадан карайбы, жокпу белгисиз. Бирок депутаттар өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө тапшырмаларды беришти.

"Жогорку окуу жайларда жашашыбыз керекпи?!"

Ал арада биздин редакциябызга студенттер анонимдүү каттарын жиберип, окуу убактысынын ыңгайсыздыгына арызданып жатышат. Төмөндө кайрылуулардын бирин мисал келтирдик.

"Салам. Биз студенттердин окуу графиги боюнча арыздангыбыз келет. Экинчи нөөмөт саат 14:20дан 20:20га чейин болуп жатат. Ушул кантип болсун? Кышында эмне болот? Биз жогокрку окуу жайларда түнөшүбүз керекпи? Бул график такыр туура келбейт. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн студенттер бар, алар жашоо үчүн жана батир акысын төлөө үчүн толук эмес иштөөгө мажбур. Ал эми саат 18:00дөн кийин эч ким окугусу келбейт, мээге эч нерсе деле кирбей жатат", - деген студент.

Студент кайсыл жогорку окуу жайда, канчанчы курста, кайсыл багыт боюнча билим аларын көрсөтпөөнү суранды. Себеби, ал деканат же университеттин жетекчилигине маалымат жетсе ал кысымга кабылышым мүмкүн деген кооптонуусун билдирди.

Бул кайрылуулар боюнча Билим берүү жана илим министрлиги жакынкы арада жооп берүүгө убада берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17311