Чүйдө төрөттөн кийин каза болгон келиндин окуясы тергелүүдө
RU

Чүйдө төрөттөн кийин каза болгон келиндин окуясы тергелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө 25 жаштагы эне каза болду. Окуя 7-сентябрда болгонун Kaktus.media сайтына келиндин жолдошу билдирди.

Айтымында, жубайы Айым эки жыл мурун кесарево жолу менен төрөгөн. Бирок бул жолу ал табигый жол менен көз жарган.

"7-сентябрда эртең менен аялымдын толгоосу келип, төрөт үйүнө барсак, аны төрөт бөлмөсүнө алып кирип, көпкө калтырып коюшту. Бир топтон кийин көз жарды, бирок абалы начарлап, кечинде каза болуп калды", - деди Дастан.

Ал кошумчалагандай, ымыркай ай-күнүнө жетип, 3700 грамм салмакта төрөлдү. Бирок абалы оор, Жалдагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жатат.

"Биз азырынча арыз жаза элекпиз. Менин аялым буга чейин кесарево жолу менен төрөсө, бул жолу эмнеге табигый жол менен төрөтүү чечими болгонун эксперттер териштирсин", - дейт маркумдун күйөөсү.

Милиция окуяны териштире баштады

7-сентябрда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө аймактык оорукананын реанимация бөлүмүндө 1999-жылы туулган А.А`нын капысынан каза болгондугу тууралуу билдирүү түшкөн.

Такталгандай, келин ошол күнү саат 08:20 чамасында Сокулук районунун аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнө түшүп, саат 15:40та эркек бала төрөгөн. Бирок саат 17:45 чамасында келиндин абалы оорлошуп, реанимацияга которулуп, саат 21:45те каза болгон.

"Материалдын негизинде бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, оорукананын кызматкерлери менен бирге тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - дешет милициядан.

Саламаттыкты сактоо министрлиги да текшерүү жүргүзө баштады

Эксперттер наристе ай-күнүнө жетип төрөлгөнүн, учурда ал ооруканада жатканын билдиришти. Окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын корутундусуна карап медицина кызматкерлеринин аракетине кийинчерээк юридикалык баа берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17306