Кыргызстан Казакстандын улакчылары менен биримдик кубогун өткөрөт
RU

Кыргызстан Казакстандын улакчылары менен биримдик кубогун өткөрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан Казакстандын улакчыларын ноябрь айында Ысык-Көлгө беттешке чакырат. Бул туурасында бүгүн, 16-сентябрда Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев маалымат жыйында билдирди.

"Көк пар федерациясы менен көптөгөн жолугушууларды өткөрүп, иш-пландарды койгонбуз. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы көк пар беттешинде калыстардан, мүмкүн оюнчулардан ката кетти. Биз Көк пар федерациясы менен кызматташууга даярбыз. Бүгүн, 16-сентябрда Казакстанга расмий чакыруу жөнөттүк. 1-ноябрда Ысык-Көлдө бримдик кубогун өткөрөбүз. Ага Көчмөндөр оюндарынын финалында ойногон көк бөрү, көк пар курамалары чакырылды.

Бул оюн, андыктан эки элдин ортосунда ар кандай ой-пикирлер болбосун. Биздин максат - көк бөрүнү дүйнөгө таанытуу, ынтымак орнотуу. Ошондуктан жеке амбицияларыбызды сыртка тыштап, ынтымак үчүн бардык кадамга барганга даярбыз", - деди Жунусалиев.

Федерациянын президенти кошумчалагандай, ноябрда өтүүчү биримдик кубогуна калыс үчүнчү тараптан коюлат жана коопсуздук үчүн күйөрмандары жок оюн өткөрүү каралууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17360