Көчмөндөр оюндары: Көк пар боюнча Казакстан жеңүүчү болду
RU

Көчмөндөр оюндары: Көк пар боюнча Казакстан жеңүүчү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 12-сентбрда Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында жер улак (көк пар) боюнча финалдык оюн өттү.

Финалда Кыргызстан Казакстандын курамасы менен беттешти. Негизги убакытта беттеш 4:4 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Андан кийин кошумча убакыт берилип, Казакстан курамасы упай жасап, оюн 4:5 эсебинде Казакстандын жеңиши менен жыйынтыкталды.

Муну менен көк пар боюнча Казакстан 1-орунду, Кыргызстан 2-орунду, Россия 3-орунду ээледи.

Белгилесек, финалдык оюнда казак улакчысынын аракети нааразычылык жаратты. Биринчи таймда Казакстандын курама командасынын оюнчусу Кыргызстандын оюнчусун камчы менен чаап, оюн убактылуу токтотулду. Эреже бузган казак көк парчысы оюндан четтетилип, мелдеш кайра уланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17313