Мындан ары "Ала-Арча" эс алуу паркына жеке унаалар киргизилбейт
RU

Мындан ары "Ала-Арча" эс алуу паркына жеке унаалар киргизилбейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жакынкы айларда "Ала-Арча" жаратылыш паркынын аймагына унаалардын кирүүсүнө чектөө киргизилет. Конокторду парктын ичинде атайын электр унаалары ташыйт. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Facebook баракчасында билдирди.

Билдирүүдө, аталган тапшырма президент тарабынан коюлганы айтылган.

"Коноктордун ыңгайлуу шарттарды камсыздоо максатында, парктын сыртында кошумча унаа токтотуучу жайларды куруу пландалууда. Автоунаалардын ордуна электр унааларынын пайдалануу экологиялык таасирди азайтып, аймактын жаратылышын таза сактоого багытталат",- деди иш башкаруучу.

Мындан тышкары, келечекте жаңы А-Фрейм үйлөрүн жана кооз тоолордун көрүнүшү бар мейманкана куруу пландалып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17250