Өспүрүм курак: жагдайларды талдоо жана адистин сунуштары
RU

Өспүрүм курак: жагдайларды талдоо жана адистин сунуштары

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өспүрүм курак - баланын өзү үчүн эле эмес, ата-эне үчүн да оор мезгил. "Өспүрүм курак" деген сөздү укканда, эсиңизге кандай ассоциациялар келет? "Татаал курак", "чыр-чатак", "түшүнбөстүк", "алыстоо" сыяктуу нерселер болушу мүмкүн экени шексиз. Эксперттер бул мезгилди кризистүү деп аташат. Ал эми "Дени сак өспүрүмдүн өнүгүүсү, же кантип жыныстык жетилүүнү баштан өткөрүү керек" аттуу колдонмонун авторлору, коом өспүрүм баласы бар ата-энелерди жалооруп карай турганын белгилешет.

Республикалык психиатрия жана наркология борборунун (РПНБ) жашы жете электерге медициналык-психологиялык жардам көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы Тинатин Сагымбаева ата-энелерге өспүрүм курактын кризиси жана ага кандай мамиле кылуу керектиги тууралуу айтып берди.

- Балдардын өнүгүүсүндөгү кризистер ар кандай мезгилде пайда болушу мүмкүн. Аларды жаш курак боюнча так аныктоо кыйын, анткени ар бир бала индивидуалдуу, анын үстүнө өнүгүшүнө таасир этүүчү факторлор дагы ар түрдүү. Дагы бир айта кетүүчү нерсе, баланын өнүгүүсүндө айрым типтүү кризистер болот. Алардын арасында өспүрүмдөр кризиси бар. Бул мезгилде жыныстык жетилүү менен байланышкан физиологиялык жана эмоционалдык өзгөрүүлөр жүрөт. Өспүрүмдөрдүн маанайы туруксуз болуп, жеке инсандыгын издешип, ата-энесинин таасиринен алыстай башташат.

Адистин көз карашынан алганда, кризистер баланын тобокелдик факторлорго болгон аялуулугун жогорулатат, анын ичинде кооптуу заттарга ашкере берилүү бар. Балдар ал заттарды колдонуу аркылуу стресс менен күрөшүүнүн жолдорун издеши мүмкүн. Ата-энелер жана камкорчулар балдардын жүрүм-турумундагы өзгөрүүлөргө көңүл буруп, аларга колдоо көрсөтүүлөрү керек. Бирок, айтылуу кризистер бардык балдардын башынан өтпөйт, арасында олуттуу көйгөйлөрү жок эле жеңил жеңгендери дагы бар.

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн маанайынын өзгөрүшү ар кандай факторлордон улам келип чыгышы мүмкүн.

Өспүрүм куракта жыныстык жетилүү менен байланышкан физиологиялык өзгөрүүлөр пайда болот, алар өз кезегинде эмоционалдык абалга таасир этиши ыктымал.

Стресс жана басым: Мектептеги кысымдар, социалдык өз ара мамилелер, үй-бүлөлүк көйгөйлөр - стресске жана маанайдын өзгөрүшүнө алып келиши мүмкүн.

Инсандыгына эксперимент жасоо: Өспүрүмдөр өздүгүн издешет, бул нерсе эмоционалдык термелүүлөр менен коштолушу мүмкүн.

Бул жерде кадимки эмоционалдык термелүүлөрдү мүмкүн болуучу көйгөйлөрдүн белгилеринен ажырата билүү маанилүү. Алар:

  • Жүрүм-турумдун чукул өзгөрүшү: Жүрүм-турумдагы күтүлбөгөн жана кескин өзгөрүүлөр кайсы бир көйгөйдүн, анын ичинде кооптуу заттарга болгон көз карандылыктын белгиси болушу мүмкүн.
  • Обочолонуу жана алыстоо: Үй-бүлөдөн жана достордон алыстоо, коомдон обочолонуу.
  • Окуудагы жетишкендиктердин төмөндөшү: Окууга болгон кызыгуунун жоголушу, мектептеги көрсөткүчтөрдүн төмөндөшү, сабакка келбөө, мугалимдер жана классташтар менен чатакташуу.
  • Физикалык белгилер: Салмактын жана табиттин капыстан өзгөрүшү, уйкучулдук же уйкусуздук. Бул көз жаздымда калтырбоо керек болгон абдан маанилүү белгилер, анткени физикалык абалдын өзгөрүшү психологиялык көйгөйлөрдүн бар экендигин айкын көрсөтүп турат.
  • Сырткы келбеттин өзгөрүшү: Сырткы келбетке көңүл бурбоо, шалаакылык.
  • Хоббиге жана кызыгууга болгон кайдыгерлик: Мурда жактырган кызыгууларынан баш тартуу кандайдыр бир көз карандылыктан гана эмес, депрессия сыяктуу абалдан да белги бериши мүмкүн.

Эгер ата-энелер баланын жүрүм-турумунда тынчсызданууну жараткан узак мөөнөттүү жана олуттуу өзгөрүүлөрдү байкаса, кырдаалды терең баалоо үчүн психиатр, психолог же нарколог сыяктуу адиске кайрылуу сунушталат.

"Өспүрүмдөрдүн психикасы алардын жүрүм-турумун, эмоционалдык реакцияларын кайтадан жаңыча куруу сыяктуу иштейт. Көпчүлүк ата-энелер баласынын өспүрүм курагына "аны башка бирөөгө алмаштырып салгандай" деген мүнөздөмө беришет. Кечээ эле шайыр бала/кыз болчу, азыр дайыма нааразы, бөлмөсүнөн чыкпайт, орой, мектепте эмне жаңылык болгонун айтпайт, деги эле эч нерсе айтпайт, артынан тазалабайт, окугусу келбейт, мурда кызыккан нерселерине кайдыгер мамиле кылат", - деп белгилешет "Дени сак өспүрүмдүн өнүгүүсү, же пубертатты кантип баштан өткөрүү керек" аттуу колдонмонун авторлору.

Келгиле, ата-энелерден эң көп келип түшкөн арыздарды карап көрөлү.

Өспүрүм суроолорду укпайт жана ата-энесине жооп бербейт

Өспүрүмдөрдүн суроолорго жооп бербегени жана ата-энелери менен баарлашпаганы ар кандай факторлор менен байланыштуу болушу мүмкүн.

  • Өспүрүмдөр пикир алышуу жөндөмүнө таасир тийгизген эмоционалдык кыйынчылыкка, өзүн-өзү түшүнө албаган абалга дуушар болушу мүмкүн.
  • Өспүрүмдөр баарлашуу жөндөмүнө таасир тийгизген ар кандай стресстик кырдаалдарга, анын ичинде мектептеги жана мамиле куруудагы көйгөйлөргө же башка кыйынчылыктарга дуушар болушу мүмкүн.
  • Кээ бир өспүрүмдөр өзүнө ишенбегендиктен, айыпталып калуу коркуусунан же өзүнө-өзү баа берүүсүнүн төмөндүгүнөн улам баарлашууда кыйынчылыктарга дуушар болушу мүмкүн.
  • Өспүрүм куракта бала өз алдынчалыкка умтула баштайт, бул чоңдордун көзөмөлүнө каршылык көрсөтүү менен коштолушу мүмкүн.

Бул учурда ата-эне сабырдуу болуп, түшүнүү менен мамиле кылуусу керек. Өспүрүмдү айыптоодон алыс болуп, ага өз ойлору менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк бериңиз. Кээде өспүрүмдөр сезимдеринин үстүндө иштөө үчүн мейкиндикке муктаж болушат. Аларга убакыт жана мейкиндик бериңиз. Сүйлөшүүгө негиз боло турган жалпы темаларды же кызыкчылыктарды табууга аракет кылыңыз.

Эгер өспүрүмдүн жүрүм-турумунда олуттуу өзгөрүүлөр байкалса, абалды туура колдоо жана баа берүү үчүн психолог же психиатр менен байланышыңыз.

Өспүрүмдөрдүн оройлугу

Өспүрүмдөрдүн орой мамилеси ар кандай факторлорго байланыштуу. Ата-энелер бул алардын эмоционалдык абалынын же өз алдынчалыкка болгон умтулуусунун бир бөлүгү болушу мүмкүн экенин түшүнүшү керек. Өспүрүмдөрдөгү оройлуктун мүмкүн болуучу себептери: эмоционалдык факторлор, өз алдынчалыкты издөө жана айлана-чөйрөнүн таасири. Өспүрүмдөр көбүнчө эмоционалдык жана жүрүм-турумдагы өзгөрүүлөрдү башынан өткөрөрүн, алардын өнүгүүсүндө ата-эненин колдоосу маанилүү роль ойноорун эстен чыгарбоо зарыл.

Бул жагдайды башкаруу боюнча кеңештер:

  • Оройлукка оройлук менен жооп бербеңиз. Тынчтаныңыз жана өзүңүздү колго алыңыз.
  • Сый менен баарлашыңыз: Өспүрүм орой мамиле кылса да, ага болгон урмат-сыйыңызды көрсөтүңүз. Тынч жана сыйлуу тон менен сүйлөшүңүз.
  • Түшүнүүгө аракет кылыңыз: Жашоосунда эмне болуп жатканын, кандай көйгөйлөрү же тынчсыздануулары бар экенин сураңыз. Анын көз карашын түшүнүүгө аракет кылыңыз.
  • Чек араларды белгилеңиз: Кандай жүрүм-турум ылайыксыз экенин ачык айтыңыз. Так чектерди коюп, аларды аткарыңыз.
  • Колдоо көрсөтүңүз: Бала үчүн ата-эненин колдоосу өтө маанилүү. Өспүрүмгө көйгөйлөрү бар болсо, жардам берүүгө даяр экениңизди билдириңиз.

Эгер оройлук туруктуу же башкарууга мүмкүн эместей болуп калса, психолог, психотерапевт же башка кесипкөй адистерден жардам сураңыз.

Бала чоң адамды сындаса

Бала чоң кишини сындаган учурда, анын жашын эске алып, сый менен мамиле кылуу керек. Сынга дароо эмоционалдуу реакция кылбаңыз. Тынчтаныңыз жана объективдүү болууга аракет кылыңыз. Бала айтып алсын, анын көз карашын угуңуз. Ал эмне үчүн андай деп жатканын түшүнүүгө аракет кылыңыз. Балаңыздан эмне үчүн мындай жол менен пикирин билдирип жатканын сураңыз. Анда талкуулоону талап кылган кандайдыр бир тынчсыздануулар болушу мүмкүн. Сындарына макул болбосоңуз да, анын сезимдери маанилүү экенин айтыңыз. Мисалы, "Сен өзүңдү ушундай сезип жатканыңды жакшы түшүнөм, бул мен үчүн маанилүү." Пикириңиз жана көз карашыңыз менен бөлүшүңүз, балаңызга чечимдериңизди жана эмне үчүн белгилүү бир чечимдерди кабыл алганыңызды түшүндүрүңүз.

Пикирди конструктивдүү билдирүүнүн жолдору тууралуу сүйлөшүңүз.

Сын конкреттүү идеяларды же чечимдерди сунуш кылган учурда гана пайдалуурак болорун айтыңыз. Эгер балаңыз нааразычылыгын билдирсе, жөн эле сын айткандын ордуна, көйгөйдү чечүүнүн ар кандай жолдорун сунуштаңыз.

Бала менен баарлашуу өз ара урматтоо жана түшүнүү менен негизделиши керек. Балага конструктивдүү пикирлерди үйрөтүү жана эмпатия көндүмдөрүн өнүктүрүү, ага курчап турган дүйнөнү жакшыраак түшүнүүгө, аны менен эффективдүү иштешүүгө жардам берет.

Өспүрүм келери-кеч интернетте

Интернетте канча убакыт отуруу керек деген нерсе, көптөгөн факторлордон көз каранды, анын ичинде жаш курагы, инсандыгы, иш-аракетинин түрү жана социалдык маданий контекст бар. Бул жерде интернеттеги активдүүлүк менен жашоонун башка аспектилеринин ортосундагы тең салмактуулукту сактоо маанилүү.

Баланын абалына тынчсыздануу керек болгон жагдайлар: интернет чыныгы социалдык байланыштарды алмаштырып, обочолонууга алып келсе, анда бул көйгөйдүн белгиси болушу мүмкүн.

Эгер адам интернетте өткөргөн убактысын көзөмөлдөбөй калса, күнүмдүк жашоосунда терс кесепеттерге дуушар болсо, бул көз карандылыктын белгисинен кабар бериши ыктымал. Ошондой эле, эс албай, тынымсыз интернетте отуруу стресске, тынчсызданууга жана психикалык ден соолуктун башка көйгөйлөрүнүн өрчүшүнө өбөлгө түзөт.

Эгерде сиз балаңыздын интернеттеги активдүүлүгү көйгөйгө айланып баратканын байкасаңыз, анда бул белгилерге көңүл буруп, кырдаалды психотерапевт же психиатр сыяктуу адистер менен талкуулоо зарыл. Онлайн жана оффлайн иш-аракеттеринин ортосундагы балансты түзүү сергек жана салмактуу жашоо образын сактоого жардам берет.

Мейманканада жашагандай жашайт, үйгө кол-кабыш кылгысы келбейт

Мындай жагдай үй-бүлөдө чыңалууну пайда кылышы мүмкүн. Бул учурда тең салмактуулукту таап, чектерди так коюу маанилүү.

Бул маселеге жардам болчу кеңештер:

  • Диалогду демилгелөө. Ачык жана чын ниетиңиз менен сүйлөшүңүз. Сезимдериңизди жана күтүүлөрүңүздү ачыктаңыз. Көз карашын угуп, анын жүрүм-турумунун себептерин түшүнүүгө аракет кылыңыз.
  • Күтүүлөрдү так коюу. Ар бир үй-бүлө мүчөсү кандай конкреттүү милдеттерди жана жоопкерчиликтерди ала турганын аныктаңыз. Ар бир адам алардан эмне күтүлөрүн билүү үчүн график же аткарылчу иштердин тизмесин түзүңүз.
  • Милдеттерди бөлүштүрүү. Ар бир үй-бүлө мүчөсү жоопкерчиликти сезиши үчүн, милдеттерди бөлүштүрүү системасын биргелешип иштеп чыгууга аракет кылыңыз.
  • Кызыктыруу жана мактоо. Жалпы ишке кошкон салымы үчүн үй-бүлө мүчөлөрүн сыйлаңыз. Мактоо үй жумуштарына катышууга түрткү берчү стимул болушу мүмкүн.
  • Активдүү катышуу. Башка үй-бүлө мүчөлөрү менен бөлүштүрүлгөн жоопкерчиликти аткарууда лидерликти көрсөтүңүз. Бул нерсе жалпы максатты жана өз ара түшүнүүнү түзгөн сезимди жаратат.
  • Эрежелерди түзүү жана аткаруу: Үйдүн тазалыгы менен байланышкан эрежелерди жана күтүүлөрдү белгилеңиз. Аларды үй-бүлө мүчөлөрү менен талкуулап, баары бул нерсенин маанилүүлүгүн түшүнгөндүгүнө ынаныңыз.

Эксперттер белгилегендей, өспүрүм курактагы кризис, адам бир нече көйгөйлөрдү чече алышы үчүн зарыл болгон нерсе. Айталы, ата-энесинен бөлүнүү, өзүн-өзү аныктоо, өзүнүн ким экенин түшүнүү жана жашоодогу жолун тандоо. Ал эми өспүрүм бул кризистен канчалык ийгиликтүү чыга турганы көбүнчө ата-энелерден көз каранды. Ооба, бул оңой эмес жагдайдай, ошентсе да адистердин кеңеши жардам берет деп ишенебиз.

Ата-энелер үчүн санарип энциклопедия (46 статей)
Өспүрүм куракта бала төрөө, тарбиялоо чечими тууралуу эмнелерди билүү керек
17 Июль 2024, 14:23
Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору
13 Июль 2024, 13:36
Канткенде ата-эне өспүрүмдөрдүн өз жанын кыюусун алдын ала алат
8 Июль 2024, 12:14
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/15424