Камактагы Махабат Тажибек кызы ур-токмокко алынганы айтылды. ЖАКтын билдирүүсү
RU

Камактагы Махабат Тажибек кызы ур-токмокко алынганы айтылды. ЖАКтын билдирүүсү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Иликтөөчү журналист Болот Темиров СИЗОдо жаткан жубайы Махабат Тажибек кызы жана анын камералаштары Жаза аткаруу кызматкерлери тарабынан сабалганын билдирди.

Ал эми Kaktus.media сайтына Жаза аткаруу кызматынан Махабат Тажибек кызы ур-токмокко алынбаганын, жаңжал учурунда жабыркап калганын билдиришти.

Расмий маалыматка караганда, журналисттин камерасындагы бир айыпталуучуну башка камерага которуу учурунда тартыш болгон.

"Махабат Тажибек кызы башка камералаштары сыяктуу эле буга каршы болуп, которула турган аялды жактай баштаган. Мындан улам чыр-чыгып, Жаза аткаруу кызматкерлери аялды бир тарапка тартса, камералаштары экинчи тарапка тарткан. Ошол маалда Махабат Тажибек кызы жана анын камералаштары жабыркап калса керек", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/15886