"Сындай берсин, тыюу жок". Улан Ниязбеков 11 журналисттин кармалышынын себебин айтты
RU

"Сындай берсин, тыюу жок". Улан Ниязбеков 11 журналисттин кармалышынын себебин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министрлиги тарабынан 2024-жылдын башында массалык башаламандыкка чакыруу фактысы боюнча 11 журналист кармалган. Бүгүнкү күндө 11 журналисттин төртөө камакта калып, калганы үй камагына чыгарылды.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков журналисттердин кармалышы боюнча "Кабар" агенттигине комментарий берди.

"Булардын баары эле журналисттер эмес. Экөө гана журналист болгон. Калган тогузу блогер атыккандар. Керек болсо алтоосунун жогорку билими жок экен. Болгону орто мектепти бүткөндөр. Азыр жетөө үй камагына чыкты. Соттор чыгарып жатат. Соттор бизге отчёт беришпейт. Эл аралык уюмдардын суранычы менен чыгарып жатышабы же өздөрү эле чыгарып атышабы аны биз айта албайбыз", - деди Ниязбеков.

Журналисттердин кармалышына кандайдыр бир саясий себептер бар экени, бийликке, анын ичинде министрге карата сын-пикир айтканы үчүн камалышты деген сөздөр болгон. Министр муну четке какты.

"Эч кандай саясий себептер жок. Биз журналисттербиз деп эле оозуна келгенди оттой беришсе анан камайбыз да.

Жалган жалааларды жаап, калп маалыматтарды таратып коюп эч кандай жооп бербейбиз, биз журналистпиз деп олтура берсе болобу? Журналистиканы, анын мыйзамдарын билбеген билими жоктор болуп атпайбы. Билими жок үчүн жалган маалымат таратышып, элди дүрбөлөңгө салып жатышпайбы. Анан эле аларды журналисттер деп ызы-чуу чыгара бериштин кереги жок.

Ошол эле Европа, АКШда журналисттер жалган же такталбаган маалыматтарды таратпайт. Бирөөнүн үстүнө жугунду куйбайт. Бирөөнүн үстүнө жугунду куюп же бийликтин ишмердиги жөнүндө жалган маалымат таратып көрсүнчү, аларды сотко берип олчойгон компенсация төлөтүп алат же камашат. Бизде деле ошол Европа, АКШдагыдай тартип орнош керек.

Мейли бизди, бийликти сындашсын ага эч кандай тыюу жок. Бизде сөз эркиндиги бар жана боло берет.

Болгон талабыбыз далилдерди топтоп алып же маалыматтарды абдан тактап алып анан элге чыгарышпайбы. Бийлик минтип салды, министрлик тигинтип салды деп жалган маалыматтарды дүңгүрөтүп салышып элди көтөрүлүшкө чакырык жасап атышса анан камайбыз да", - деген министр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/15918