Үч күндөн бери Бишкекте маршруттар жок. Эл кантип оокат кылып жатат (фото, видео)
RU

Үч күндөн бери Бишкекте маршруттар жок. Эл кантип оокат кылып жатат (фото, видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн 4-июнь Бишкекте маршрутканын айдоочуларынын иш таштоосу уланууда. Коомдук транспортто эл жыкжыйма. Маршруткачылар жол кирени 15 сомго кымбаттатууну талап кылышкан. Бирок бул алардын жалгыз талабы эмес. Андан тышкары жол кирени жыл сайын бир сомго көтөрүп туруу керектигин билдиришти. Анткени алардын ай сайын төлөнө турган кредиттери бар, азык-түлүк жана унаа тетиктери кыйла кымбаттады. Маршруткаларын өзүнүн эсебинен оңдоткондуктан аларга пайда түшпөй калып жатат.

В обратном порядке
Только важное
08:39
04.06.2021
08:55
04.06.2021

Автобус менен троллейбустар кадимкидей линияга чыгышкан. Бирок элдин көптүгүнөн бардыгын батыруу мүмкүн эмес

09:49
04.06.2021

Бишкектин мэриясы №100 маршрут менен Ички иштер министрлиги, Коргоо министрлиги тарабынан берилген автобустар жүрүп жатканын эскертет. "Алга" клубунун 18 орундуу бусу жана "Оптима Банктын" транспорту жүргүнчүлөрдү №214-маршрут менен ташып жатышат. №240 маршрут менен Батыш автовокзалынын эки автобусу жана "Мадина" базарынын эки автобусу иш алып барууда.

№211 маршруттун линиясында шаардыктардын бири сунуштаган автобус киши ташууда.

Андан тышкары Ахунбаев көчөсү, Чүй жана Манас проспектиси, Байтик баатыр көчосү менен борбор шаардын активисттери берген төрт автобьус иш алып барууда.

11:05
04.06.2021

Маршруткалардын жоктугуна карабастан шаар ичинде тыгындар мурункудай эле. Элдин баары өз унааларын айдап чыкты, деген божомолдоолор айтылууда.

11:59
04.06.2021
Мэрия муниципалдык транспорттун иштөө убактысын жана маршрутун эскертет

Муниципалдык коомдук транспорт күчөтүлгөн режимде эртең мененки саат 5:30дан кечки 23:00го чейин иш алып барууда.

Линияга 118 автобус чыгып, алар 11 маршрут боюнча киши ташып жатышат:

  • №6 "Ак-Ордо – Тунгуч";
  • №7 "Дача – Аламүдүн-1";
  • №8 "Орок – Ош базар";
  • №18 "Маевка – Кызыл-Туу";
  • №21 "Бакай-Ата – Биримдик";
  • №22 "Дордой – Умут";
  • №36 "Ак-Ордо – Өскөн-Ордо";
  • №38 "110 квартал – Аламүдүн-1";
  • №42 "12 кичирайону– Ала-Тоо";
  • №46 "Дордой – Чоң-Арык";
  • №48 "Батыш автовокзалы – Чыгыш автовокзалы" (Айлампа).

Андан тышкары шаардыктар үчун 145 троллейбус төмонкү маршруттар боюнча иштеп жатышат:

  • №2 – "Мясокомбинат" - "Аламедин-1" кичирайону;
  • № 4 - "Мясокомбинат" - Кожзавод";
  • № 5 - "Тунгуч" - кичирайону "Жал";
  • № 6 – "8 кичирайону - Батыш автовокзалы";
  • № 7 - "Ош" базары - "Тунгуч" кичирайону;
  • № 8 - Чыгыш автовокзалы - "Институт земледелия";
  • № 9 - "Институт земледелия - "Аламедин-1" кичирайону;
  • № 10 - "Фрунзе" заводу - "Асанбай" кичирайону;
  • № 11 - "Асанбай" кичирайону - Чыгыш автовокзалы";
  • № 14 - "Жал" кичирайону - Киркомстром";
  • № 17 - "Кожзавод - "Асанбай" кичирайону.

Шаардыктарды эки муниципалдык микроавтобустар да тейлеп жатат. №227 муршруттун линиясына 10 бус жана №131 маршруттун линиясына 11 машине чыгышты.

12:47
04.06.2021

Элдер такси чакырта албай жаткандарын айтып арызданышты. Өзгөчө чет жакта жашап, шаар ичинде иштегендерге кыйын болду.

15:27
04.06.2021

Бишкектин көчөлөрүндөгү жана аялдамаларындагы көрүнүш.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/1896