Балдар үйүндө өспүрүмдүн өлүмү. Эксперттер Игордун өлүм себебин бир-эки күндө аныкташат
Соттук-медициналык экспертиза балдар үйүндө каза болгон 12 жаштагы Игорь Якуниндин өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн бардык керектүү маалыматтар бар экендигин билдирди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"2-июнда Сокулук райондук соттук-медициналык экспертизанын адистери жашы жете элек баланы соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү учурунда соттук-химиялык жана соттук-гистологиялык изилдөөлөр үчүн биологиялык объекттерди алып кетишти, жыйынтыгы белгилүү болду.
25-июнда Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунда уюштуруу усулдук кеңешинин кезексиз жыйыны болуп, анда тийиштүү сунуштар берилди.
Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын жана өлүмдүн бардык жагдайларын эске алуу менен, жашы жете элек Якуниндин өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн бардык керектүү маалыматтар бар. Экспертиза 29-июнда аяктап, тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилет ", - деп билдиришти башкармалыктан.