Чүйдө 48 жаштагы жаранды унаа сүзүп, ал жеринде каза болгон
1413
Ысык-Ата районунда адам өлүмүнө себепкер болгон айдоочу кармалды. Бул туурасында Чүй ОИИББдин маалымат кызматынан кабарлашат.
Маалыматка караганда, 4-декабрда саат 02:10 чамасында 1974-жылы туулган жарандын жансыз денеси жолдон табылган. Бул факты каттоого алынып, кылмыш иши ачылган.
Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө кечээ, 9-декабрда шектүү катары 1995-жылы туулган Г.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кармалган жарандын унаасы айып короосуна токтотулуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Тергөө иштери улантылууда.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://vb.kaktus.media/9567