Жалал-Абадда 4 жаштагы кызга кокусунан ок тийип, ооруканага түштү
Жалал-Абадда 4 жаштагы кызга тир мылтыгынын огу тийип, ичегилерин тешип кеткен. Бейтапка операция жасалганын облустук балдар ооруканасынан Kaktus.kg сайтына ырасташты.
Белгилүү болгондой, 17-январда 4 жаштагы кыз оор абалда ооруканага түшкөн.
"Балдар кокусунан атып алышкан экен. Ок ичегилерин тешип кетиптир, ага операция ийгиликтүү жасалды. Учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалы туруктуу", - деди адис.
Облустук милициядан маалыматты ырастап, учурда териштирүү жүрүп жатканын кабарлашты.
"Такталгандай, 17-январда саат 16:52 чамасында Жалал-Абад шаарынын Тайгараев айыл аймагынын жашоочусу - 4 жаштагы Ф.А. таякесинин 6 жаштагы баласы М. менен тир мылтыгын ойноп жаткан. Бул учурда мылтык кокусунанн атылып, кыздын ичине тийген. Алган жаракатынан улам Ф.А. Жалал-Абад облустук оорукананын балдар хирургия бөлүмүнө жаткырылган", - дешти милициядан.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: pxhere.com.