Сузактагы окуянын чоо-жайын териштирүү үчүн комиссия түзүлдү
RU

Сузактагы окуянын чоо-жайын териштирүү үчүн комиссия түзүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сузакта мектеп окуучулары кабылган кырсыктын чоо-жайын териштирүү үчүн комиссия түзүлдү. Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен түзүлгөн комиссиянын курамына министрликтердин, президенттик администрациянын өкүлдөрү кирди.

2-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жерге-Тал айылында тоо боорунда "Манас айтуу" иш-чарасы өтүп жатканда "Хундай-Портер" үлгүсүндөгү машине жүрүп кетип, 30дан ашуун бала жабыр тартканы айтылган.

Саат 17:00гө алынган маалыматтарга ылайык, учурда 12 бала ооруканада жатат, алардын бешөө реанимацияда. Дарыгерлер алардын абалын оор деп баалашууда. Автоунаанын ээси кармалып, милиция кылмыш ишин козгогон.

Ушул эле күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Президенттик фонддон реанимациядагы балдардын үй-бүлөсүнө 200 миң сомдон, башка жабыркагандарга 50 миң сомдон берилгенин айткан. Ошондой эле эмне үчүн коопсуздукка көңүл бурулбаганын күч органдары иликтеп жатканын билдирген.

Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева Сузак райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси убактылуу кызматтан четтетилгенин маалымдады. Ошондой эле окуучулар арасында республикалык деңгээлде өтүп жаткан "Манас айтуу" фестивалы Сузактагы кырсыктан кийин токтотулду.

"Манас" эпосун даңазалоо максатында окуучулар арасында бир нече күндөн бери жапырт "Манас айтуу" фестивалы уюштурулуп жаткан. Бул үчүн президенттин жарлыгы да чыккан. Кендирбаеванын айтымында, фестивалдын жеңүүчүлөрүнө үч миллион сом байге да каралган. Иш-чара дээрлик бардык район-шаарларда уюштурулуп жаткан болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16072