Ташиев: Шалаакылыкка жол берген адамдар жоопко тартылат
RU

Ташиев: Шалаакылыкка жол берген адамдар жоопко тартылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы окуучулардын кырсыгы боюнча шалаакылыкка жол берген жетекчилер, уюштуруучулар жоопко тартылаарын убадалады.

Ал эң биринчи балдардын коопсузудугу көзөмөлдөнүш керек болчу деп белгилеп, тиешелүү укук коргоо кызматтары иштеп жатканын кошумчалады.

Ошондой эле, Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун фондунан Сузактагы "Манас айтуу" фестивалында оор жаракат алгандарга 200 миң сомдон акча каражат бөлүнгөнүн айтты.

Ал жеңил жаракат алгандарга 50 миң сомдон берилгенин кошумчалады.

Сузакта 2-майда окуучулар топтолуп турганда "Хундай-Портер" унаасы токтотуп койгон жеринен жылып кетип, 30дан ашуун бала жабыркаган.

Сегизи жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Үчөөнүн абалы оор экени маалым болду.

Сузак аймактык ооруканасына үч бала, Октябрь Жалпы дарыгерлик практика борборуна 8 бала жаткырылды. Алардын абалы орто экени кабарланды. Калган 11 балага жеринен жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Жабыркагандар 9-16 жаштагы өспүрүмдөр.

"Хундай-Портердин" айдоочусу, 48 жаштагы Сузак районунун тургуну Ж.Б. кармалды. Бул факты боюнча Сузак райондук милициясы Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16071