Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кыргыз көк бөрүчүлөрү мелдешти жеңиш менен баштады
RU

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кыргыз көк бөрүчүлөрү мелдешти жеңиш менен баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Астанада өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөроюндарында Кыргызстандын көк бөрү командасы Өзбекстандын командасын жеңип алды.

Кыргыз көк бөрүчүлөрү атаандашын 12:6 эсебинде жеңип кетти.

Белгилей кетсек, Көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көк бөрү мелдешине алты команда катышууда. Кыргызстан кийинки беттешин 11-сентябрда өткөрөт.

Белгилесек, Көчмөндөр оюндарынын программасына көк бөрү жана казак көк пары (жер улак) кирген. Кыргызстан эки мелдешке тең катышууда.

Буга чейин көк пар боюнча Кыргызстан курамасы Моңголияны 16:0 эсебинде утуп алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17268