Сузакта унаа оодарылып, 2 айлык наристе чарчап калды. Дагы 14 адам ооруканада
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан Kaktus.kg`ге билдиргендей, жеңил унаа менен жүк ташуучу унаа сүзүшкөн.
Автокырсык бүгүн, 19-июлда саат 12:30 чамасында Сузак районунун Мазар-Булак айылында орун алды. 35 жаштагы айдоочу Toyota Alphard унаасы менен Казарманга бара жатып солго бурулуш жасаган ГАЗ-53 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны артынан сүзүп, оодарылып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен жеңил унаадагы 14 адам ар кандай жаракат алышып ооруканага жеткирилсе, 2 айлык наристе чарчап калды.
Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып тергөө иштери жүрүүдө. Күбөлөрдүн айтымында, кырсыкка Toyota Alphard (оң рулдуу) унаасынын айдоочусунун ылдамдыкты жана коопсуз аралыкты сактабагандыгы себеп болгон.