"2 окуучуга операция жасалды". Сузактагы кырсык боюнча акыркы саатка алынган маалымат
RU

"2 окуучуга операция жасалды". Сузактагы кырсык боюнча акыркы саатка алынган маалымат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында 2-майда кырсык катталды. Анда токтоп турган "Портер" ордунан жүрүп кетип, бир нече окуучу жабыркады. Саламаттыкты сактоо министрлиги бейтаптардын абалы боюнча маалымат берди.

Ага ылайык, саат 19:30га карата жабыркагандардын саны 32 болду.

Кырсык болгон жерде 3 "Тез жардам" бригадасы биринчи медициналык тез жардам көрсөтүштү.

Сузак аймактык ооруканасынан окуя катталган жерге 5 "Тез жардам" бригадасы, 3 травматолог, 2 хирург дарыгерлер тартылды.

Жабыркагандардын ичинен 3 бейтап Сузак аймактык ооруканасына, 4 жабырлануучу Октябрь ооруканасына жаткырылып, 10 бейтап Жалал-Абад балдар ооруканасына которулду. Калган жабырлануучулар амбулатордук дарыланууга жиберилди.

"Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында 4 адистештирилген медициналык (2 хирургиялык, 1 травматологиялык жана 1 кайра жандандыруу) бригадалар иштеп жатышат, дары-дармектер жетиштүү. Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында эки бейтап операцияга алынган, азыркы учурда операциядан кийинки абалы туруктуу", - дешти министрликтен.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасы менен Бишкектен жана Ош шаарынан санавиация аркылуу керектүү адистер менен дары дармектер да жөнөтүлдү. Ошондой эле министр өзү жерине жөнөп кетти. Ош облустар балдар ооруканасында адистештирилген медициналык бригадалар жана резервдик керебеттер даярдалганын кошумчалашты ведомстводон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16066