7-миллионунчу наристе Баткенде төрөлгөн. Атын Садыр Жапаров койду. Ага эмне берилди
Кыргызстандын жети миллионунчу жараны Баткен облусунда төрөлгөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев билдирди.
Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырованын маалыматы боюнча, 7 миллионунчу кыргызстандык фермер Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Апасы - Айжаркын Сыраждинова, 1982-жылы туулган. Бул алардын төртүнчү баласы. Ымыркайдын салмагы 3,9 кг, бою 54 см.
Президент Садыр Жапаров наристенин ата-энесин телефон аркылуу куттуктаган. Баланын энеси куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, Мамлекет башчыдан жаңы төрөлгөн баласына ысым берүүнү өтүндү. Баланын ысымын президент Садыр Жапаров Жакшылык деп койду.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын 7 миллионунчу жаранынын депозиттик эсебине мамлекеттен 1 миллион сом которулуп, ал аны жашы жеткенде өз муктаждыктарына колдоно алат.
Ал эми министрлер кабинети 7 миллионунчу кыргызстандыктын туулган күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болорун билдирди.