Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
RU

Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-депутат Орозайым Нарматова жана жарандык активист Илгиз Шаменов Россияда кармалды. Алар Кыргызстанга алынып келе жатканын Шаменов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Маалым болгондой, алар бүгүн, 28-октябрда саат 15:00дө (Бишкек убактысы боюнча) аэропортко конот.

"Өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлердей эле Ташиев (УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев) өзү Москвага барып бизди бергиле деп сураныптыр. Бизге "бийликти курал-жарак менен басып алуу" берене менен кине коюшуптур жана эл аралык издөөгө беришиптир. Силерден качкан эчким жок! "Кел" деп расмий чакырсаңар деле бармакмын. Орустар башпаанек берели деп сунуш кылышты, мен баш тарттым. Элим, жерим үчүн, Кемпир-Абад, Жетим-Тоо үчүн түрмөгө татыктуу отуруп чыгабыз, түрмөдөн качпайм", - деп жазат ал.

Белгилесек, 27-октябрда социалдык тармактарда Орозайым Нарматованын кармалганы айтылган. Ага улай эле Нарматова "акыркы катым" деп билдирүү чыгарган.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
ЖМК боюнча жаңы мыйзам ар бир социалдык тармактын колдонуучусуна терс таасирин тийгизеби?
27 Октябрь 2022, 18:40
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/9063