Бишкек - Стамбул рейсинде куткарылган ымыркайлар кыргызстандык эмес экенин белгилүү болду
RU

Бишкек - Стамбул рейсинде куткарылган ымыркайлар кыргызстандык эмес экенин белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиянын президенти Реджеп Эрдогандын жеке дарыгери Реджеп Шекер Бишкек - Стамбул рейси менен учуп бараткан эгиз ымыркайлардын бирин куткарып калды. Көрсө ымыркайлар жана алардын апасы казакстандыктар экен. Бул тууралуу Kaktus.media'га эгиздердин таежеси билдирди.

Белгилей кетсек, акыркы эки күндө түрк ММКларында Туркиянын президенти Реджеп Эрдогандын жеке дарыгери, медицина илимдеринин доктору Реджеп Шекер самолетто учуп баратып, кыргызстандык ымыркайды куткарып калды, деген маалымат тараган. Баланын жүрөгү кармап, Реджеп Шекер ага жасалма дем алдыруу жасаптыр.

Кийин, эгиз балдардын апасынын аты Айгерим Танекенова Казакстандын жарандары, ал балдары менен Алматыдан (Бишкек жана Стамбул аркылуу транзит менен) Санкт-Петербургга баратканы маалым болду.

"22-мартта Санкт-Петербургда эгиздердин бирине операция жасалмак. Бирок, жолдон баратып жогорудагыдай окуя болуптур. Балада пневмония бар, деп айтышты. Учурда алар Түркияда. Бирок, бул жактан учуп жатканда, биздин педиатр эч кандай патологияларды аныктаган эмес.

Азыр бала реанимацияда, анын абалы туруктуу. Бирок түрк дарыгерлер толугу менен жакшы болмоюнча чыгарбайбыз, деп айтышыптыр. Санкт-Петербургдагы операция 29-мартка жылдырылды", - деп Айгерим Танекенованын эжеси айтып берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/1011