Россияда билим алган кыргызстандык студенттерге окуусуна кайтууга уруксат берилди
RU

Россияда билим алган кыргызстандык студенттерге окуусуна кайтууга уруксат берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын өкмөтү студенттерге, аспиранттарга, ординаторлорго жана даярдоочу факультеттерден билим алгандарга окуусун улантуу үчүн Россияга кайтып келүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу РФтин Илим жана жогорку билим берүү министрлиги кабарлады.

Берилген маалыматка ылайык, Роспотребнадзор эпидемиологиялык абалы коопсуз деп эсептеген мамлекеттердин студенттерине гана кайтып келүүгө уруксат берген. Азыркы күндө ал тизмеге 25 мамлекет кирди. Анын ичинде Кыргызстан да бар.

Чет элдик студенттер Россияга келээрден 10 күн мурун, өз университеттерине келе тургандыгы тууралуу кабарлоого тийиш. Андан тышкары коронавируска эки тест тапшырууга милдеттүү: биринчисин - Россияга кирээрден 72 саат мурун, экинчисин - РФтин аймагына киргенден кийин 72 сааттын ичинде.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/1012