Кыргызстан Беларусь өлкөсүнөн зениттик-ракеталык комплекс сатып алды
RU

Кыргызстан Беларусь өлкөсүнөн зениттик-ракеталык комплекс сатып алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан Беларусь Республикасынан "Печора-2 БМ" мобилдик зениттик-ракеталык комплексин сатып алды. Техника өлкөгө алып келингенин президенттин администрациясынан кабарлашты.

Белгиленгендей, эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу бюджеттик каражатка мындай мобилдик (көчмө) зениттик-ракеталык комплекс сатып алынды, аны каалаган убакта жана каалаган жерде жайгаштырууга болот. Техника Коргоо министрлигинин Абадан коргонуу күчтөрүнүн куралдануусунда болот.

Мындан тышкары чет элдик коргонуу ишканаларында МИ-8 күжүрмөн тик учактарын капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, жүк ташуучу автоунаалар, санитардык унаалар, кичи автобустар сатып алынган.

Президент Садыр Жапаров техниканын техникалык мүнөздөмөлөрү тааныштырылып, МИ-8 аскердик тик учактарынын учуу мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.

Садыр Жапаров улуттук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Куралдуу Күчтөрдү чыңдоо - мамлекеттин эң башкы милдеттеринин бири экенин белгиледи.

Өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо жана Куралдуу Күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгын жакшыртуу максатында мамлекеттик бюджеттен аскердик техниканы оңдоого жана модернизациялоого акча каражаттары бөлүнгөн. Аткарылып жаткан иш-чаралардын алкагында Куралдуу Күчтөргө миллиарддаган сомдор бөлүнгөн. Ал каражаттарга бир канча тик учак оңдолду, сатылып алынды, керектүү тетиктер алынып жатат.

Президент өткөн жылдын 4-кварталында "Белтехэкспорт" жабык акционердик коому менен "С-125" зениттик ракеталык комплексин "Печора-2 БМ" зениттик-ракеталык комплексинин деңгээлине чыгарып модернизациалоо боюнча келишим түзүлгөнүн кошумчалап айтты.

Азыркы күндө контракт боюнча аталган комплекстин биринчи партиясы жеткирилди.

Садыр Жапаров ошондой эле Куралдуу Күчтөрдү автоунаалар жана автотетиктер, курал-жарак менен камсыздоо максатында тийиштүү каражаттар бөлүнгөнүн белгиледи.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө азыркы учур өлкөнүн саясий-экономикалык, коомдук жана аскердик турмушундагы маанилүү ийгиликтердин жана өзгөрүүлөрдүн мезгили экенине басым жасады.

Президент Куралдуу Күчтөрдү чыңдоо максатында көрүлүп жаткан иш-чаралар аскер кызматчылардын моралдык-психологиялык абалын бекемдеп, демине дем кошуп, өлкөнүн бекемдигин жана бүтүндүгүн камсыз кылууга чоӊ өбөлгө түзөт деген ишенимин билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/10165