Түркиядан 17 кыргыз жараны мекенге кайтты
RU

Түркиядан 17 кыргыз жараны мекенге кайтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиянын кооптуу аймактарынан эвакуацияланган кыргызстандыктар тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты. Ага ылайык, 17 жаран мекенге кайтканы белгилүү болду.

Министрликтин, элчиликтин жана Башкы консулдуктардын жардамы менен табигый кырсык болгон аймактан мекенине кайтууну каалаган 17 кыргызстандык 8-февралда атайын учак менен Газиантептен Астанага учуп кетишти.

Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги Астанага барган мекендештерге тиешелүү көмөк көрсөтөт.

Мындан тышкары Түркиядагы чет элдик мекемелердин жардамы менен Газиантеп жана Кахраманмараштан Анталия, Алания жана Анкарага 20дан ашык кыргызстандыктар эвакуацияланды.

Кыргызстандын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери да Хатайдан онго жакын кыргызстандыкты коопсуз аймактарга эвакуациялоо иштерин жүргүзүүдө дешет мекемеден.

Сүрөт иллюстрациялык.

Түркия жана Сириядагы кыйроолорго алып келген жер титирөө (57 статей)
Түркия жер титирөөдөн 105 миллиард доллар чыгым тартты
17 Март 2023, 20:00
Түркияга берилген боз үйлөрдө окуучулар сабак окуп жатышат
13 Март 2023, 16:51
Түрк элине чогулган жардам дээрлик 99 миллион сом болду
9 Март 2023, 10:45
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/10253