Садыр Жапаров Атамбаевдин абактан чыгышы боюнча: Душманымдын да түрмөдө болушун каалабайм
RU

Садыр Жапаров Атамбаевдин абактан чыгышы боюнча: Душманымдын да түрмөдө болушун каалабайм

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине маек берип, Алмазбек Атамбаевдин эрктиндикке чыгышы боюнча комментарий берди.

"Сот менен укук коргоо органдары чечтиби, демек, соттун чечимине баш ийишибиз керек. Эң негизгиси мыйзамга баш ийип жашаганды үйрөнөлү. Былтыр дагы Октябрь окуясы, мектеп салганы, чет өлкөнүн жарандарына паспорт берген кылмыш иштери боюнча сот актап жиберген. Анда деле соттун чечимине макул болушубуз керек дегенбиз. Макулбуз.

"Түрмөдө жыландын баласы дагы жатпасын" деген сөз бар. Мен душманымдын дагы түрмөдө жатышын каалабайм. Кудай пайгамбарыбыз Мухаммад саллалоху алейхим вассалламга: "Мен дайыма кечиримдүүлөр менен сабырдуулар тараптамын" деп айткан экен. Кечиримдүү болушубуз керек. Биз Кудай жолунда болсок, бардык иштерибиз дайыма алдыга жылат", - деди президент.

Белгилей кетсек, 13-февралда Жогорку Соттун судьясы Азиз Батукаевдин иши боюнча Атамбаевдин өкүмүн жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу жокко чыгарды.

Бүгүн, 14-февралда Биринчи Май райондук соту Атамбаевдин чет жакка чыгып дарылануусуна уруксат берди.

Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары анын чет өлкөдө дарылануусуна уруксат берүүнү соттон суранышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/10349