Эмне үчүн Атамбаевди конфискацияланган үйдөн тосуп алышканын жактоочусу түшүндүрдү
RU

Эмне үчүн Атамбаевди конфискацияланган үйдөн тосуп алышканын жактоочусу түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев мурдагы президентти эмне үчүн конфискацияланган үйдөн тосуп алганын айтып берди. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.

Жоошевдин айтымында, буга үй мыйзамдуу түрдө конфискацияланып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун балансына өткөрүлүп берилгени менен үйдө Атамбаевдин үй-бүлөсү жашаганы себеп болгон.

"Эсиңиздерде болсо, 2022-жылы жай мезгилинде Кой-Таштагы үйдүн аймагына Мамлекеттик мүлк фонддун өкүлдөрү жана сот аткаруучулар өз ыктыяры менен көчүп кетүү талабын коюшкан. Бирок мурдагы президенттин үй-бүлөсү үйдөн чыгуудан баш тартышты. Анткени үй Батукаевдин иши боюнча мыйзамсыз конфискацияланган мүлкү болгон.

Эгерде жашоочулар өз ыктыяры менен көчүүдөн баш тартса, анда мыйзам боюнча сот аткаруучулар сотко кайрылууга тийиш жана соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде гана мажбурлап чыгарууга мүмкүн.

Андай сот актысы болгон эмес, азыр да болушу мүмкүн эмес. Батукаевдин бошотулушу боюнча сот өкүмдөрү жокко чыгарылды. Буга байланыштуу бардык конфискацияланган мүлк мыйзамдуу жана иш жүзүндө ээлерине кайтарылууга тийиш", - деп жооп берди Жоошев.

Белгилей кетсек, 13-февралда Жогорку Соттун судьясы Азиз Батукаевдин иши боюнча Атамбаевдин өкүмүн жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу жокко чыгарды.

14-февралда Биринчи Май райондук соту Атамбаевдин чет жакка чыгып дарылануусуна уруксат берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/10351