Германиядан келген кишинин ашказанынан 50 таңгак кокаин табылды
RU

Германиядан келген кишинин ашказанынан 50 таңгак кокаин табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Манас" эл аралык аэропортунан баңгизатты ашказанына жашырып келе жаткан жаран кармалды. ИИМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, кармалган жаран Германиядан келе жаткан.

Милиция кызматкерлери Европа Биримдигинин өлкөлөрүнөн Кыргызстанга баңгизаттарды жеткирүү каналын жөнгө салууга аракет кылып жаткан белгисиз адамдар боюнча маалыматты текшеришкен. Ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө 10-февраль күнү "Манас" эл аралык аэропортунда Чек ара кызматынын көмөгү менен 1986-жылы туулган Т.В. аттуу жаран кармалды. Ал Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдөн Кыргызстанга баңгизатты аткезчилик менен алып келген.

Кармалган жарандын ашказанын текшерүүдө медициналык кол каптарга оролгон баңгизат табылып, натыйжада жалпы салмагы 300 граммды түзгөн 50 даана контейнер алынган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, бул зат кокаин экендиги аныкталды.

Шектүү Германиядан кокаинди сатып алып, аны Кыргыз Республикасынын аймагында сатууга аракет кылган. Кармалган жаран Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камалды.

Баңгизаттын бул түрү Кыргыз Республикасында биринчи жолу ири өлчөмдө табылып жатат. Анын бир граммынын көмүскө базардагы баасы 500дөн 2000 долларга чейин жетет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/10371