Ирина Карамушкина маркумду "жашыруун" көмүү боюнча суракта болду
RU

Ирина Карамушкина маркумду "жашыруун" көмүү боюнча суракта болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Аламзбек Атамбаевдин тарапташы Ирина Карамушкина Чүй ОИИББде суракта болду.

Маалым болгондой, Алмазбек Атамбаевдин сөзүнө мониторинг жүргүзүүдө 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон окуяда "адамдын сөөгү жашыруун көмүлгөн" делгени белгилүү болду.

Маалыматты тактоо максатында бул факты 16-февралда Чүй ОИИББдин электрондук журналына катталган.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө 2019-жылы Талас ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан тергелгендиги аныкталган. Анда К.М.нын өлүмү Кой-Таш окуясына байланышы жок экени, анын өлүмү кокустуктан улам болгону аныкталган.

Жогорудагы жаран Талас районунун тоолорунда дайынсыз жоголгон малды издеп жүрүп, капысынан 12 мм калибрлүү мылтык менен сол бутуна атып, көп кан жоготуп каза болгон. Окуя чогултулган материалдар жана маркумдун жакын туугандарынын көрсөтмөлөрү менен тастыкталган. Мылтык алынды", - деп билдиришти милициядан.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен бул иште кылмыштын курамы жок болгондуктан сотко чейинки өндүрүштү токтотуу чечими кабыл алынган.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан кошумчалашкандай, бул окуя боюнча тергөө кызматына Иринка Карамушкина чакыртылган. Карамушкина адамдын көмүлүшү тууралуу Б. аттуу чала тааныш аялдан билгенин, 2019-жылы Жогорку Кеңештин депутаты катары бул маселени көтөргөнүн айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/10442