Айым депутаттар кесиптештерине эмне белек кылышты? Сүрөттөр
2049
Жогорку Кеңештин депутат айымдары кесиптештерин келе жаткан Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттукташты.
Парламенттин 22-февралдагы жыйынында вице-спикер Жамиля Исаева кесиптештерине жеке өзүнүн жана депутат айымдардын атынан кайрылуу жасады.
"23-февраль-Ата Мекенди коргоочулардын жана мамлекеттин күзөтүндө тургандардын майрамы. Мекендештерибиздин ар биринин үйүнө бакыт-таалай каалайм. Аскерлерибизге ден соолук, офицерлердин иши ийгиликтүү болсун. Кыргызстандын асманы ачык, өлкөбүздө тынчтык болсун"
, - деди ал.Андан соң депутат айымдар мырзаларга түрдүү китептерди белекке беришти.
Эске салсак, 23-февраль Кыргызстанда эс алуу күнү. Бирок 25-февраль иш күнү болот.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://vb.kaktus.media/10445