Бишкекте сейф уурдагандар камерага түшүп калган. Шектүүлөр үй камагына алынды
RU

Бишкекте сейф уурдагандар камерага түшүп калган. Шектүүлөр үй камагына алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте ишканалардын биринен акча жана документ сакталган сейфти уурдап бара жаткан жигиттер камерага түшүп калган. Уурулукка шектүүлөр колго тушүрүлгөнүн Бишкек ШИИББдин маалымат кызматынан маалымдашты.

Такталгандай, 23-февралда И.А. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Арызда 22-февралда кечинде белгисиз адамдар бухгалтердин кабинетине кирип, сейфти уурдап кеткени айтылган. Уурдалган сейфте 33 200 доллар жана юридикалык документтер сакталганы, сейфтин өзү 30 миң доллар турары кабарланган.

Бул факты боюнча 205-берене (уурулук) менен сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Ыкчам тергөөнүн жүрүшүндө 1994-жылы туулган О.Э. жана 2001-жылы туулган Б.Н. шектүү катары кармалып, Биринчи Май райондук соту тарабынан үй камагына алуу бөгөт чарасы тандалган.

Териштирүүнүн алкагында шектүүлөрдүн жашаган жеринен 31 700 доллар табылган. Ал эми алар кылмыш изин жашыруу максатында сейфти Кант шаарындагы Чүй каналына ыргытып жибергени такталган. Тергөө уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/10600