Дизайнер Арзубек Вонама: Жакшы эле чеберлерди даярдадым
RU

Дизайнер Арзубек Вонама: Жакшы эле чеберлерди даярдадым

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз дизайнери, Vonama брендинин негиздөөчүсү Арзубек Вонама карьерасы жана алдыдагы пландары тууралуу Kaktus.kg сайтына айтып берди. Бир гана көйнөктөрдү тигүү менен алектенбестен, курс ачып, каалоочуларды окутуп жаткан дизайнер бир топ эле чеберлерди даярдым дейт.

"2 жылдан бери кыз-келиндерди окутуп келем. Кыргызстанга жакшы эле чеберлерди даярдадым. Атаандашкандар бар, устатымдай болом деп аракет кылгандар бар. Мен кылган нерселерди эле жасашат. Аларга көз карашым түз. Себеби менин кардарым башка, алардыкы башка. Көйнөктөрүбүздү дагы ар кандай баада сата алабыз", - дейт ал.

Арзубек Вонама алдыда тажрыйбасын жогорулатууну пландап жатканын кошумчалады.

"Жай мезгилинде кийим тигүүнүн башка багыттары тууралуу билим алсам деп жатам. Мен үчүн бычуу, тигүү кызыксыз болуп калды. Азыр мен Кыргызстандагы орто класстагы дизайнермин", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/10761