Режиссёр Марат Сарулунун сөөгү жерге берилди
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Марат Сарулунун акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 11- мартта өттү. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлагандай, коштошуу зыйнаты саат 10:00дө Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында болду.
Марат Сарулу Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, кинорежиссёр, сценарист. Кинематографисттер союзунун, КМШ жана Балтия кинематографисттер бирликтеринин мүчөсү болгон. Соңку жылдары Марат Сарулу Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде "Кино" кафедрасынын жаш кинематографисттерине билим берип, келечектеги кино тармагына аралаша турган адистерди даярдоого салым кошуп жаткан.