Бишкекке чет элдик инвесторлор 20 миң кишилик мечит салат
RU

Бишкекке чет элдик инвесторлор 20 миң кишилик мечит салат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекке жакын Орто-Сай айылында 20 миң кишилик "Ыйман борбору" заманбап мечити курулат. Садыр Жапаров бүгүн, 10-мартта мечиттин курулушуна капсула салды.

Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, эки кабаттуу диний жай 20 миң кишиге ылайыкташып, намаз окууга жана дин таанууга бардык шарттар түзүлөт. Намаз комплексинин курамына административдик имарат жана руханий билим берүү мекемеси, медресе кирет.

Мамлекет башчы келечекте бул мечит Орто-Сай айылынын көркүнө көрк кошуп, архитектуралык көрүнүшүн арттырып, ошону менен бирге мусулмандардын ибадат кылуусуна жаңы жер пайда болорун белгиледи.

"Бүгүнкү күндө ибадатын калтырбай мечиттерге барып жан дүйнө тынчтыгын издегендер арбып жаткан маалда мындай ири мечиттин салынышы заман талабына шай келип олтурат. Жума күндөрү жума намазын окууда мечиттерге адам батпай, ыңгайсыздык жаралып келатканына да күбөбүз. Пайдубалын түптөп жаткан мечитибиз ошондой ыңгайсыздарды жоюп, жалпы мусулмандардын, мечиттин айланасында жашаган элдин муктаждыктарын канааттандырат деп ишенем. Мына ушундай ниет-максаттарыбыз менен мечиттин имаратынын пайдубалын түптөп, ага "мезгил кутусун" – капсула салып жатабыз", - дейт Жапаров.

Өлкө башчы учурда ар кандай чагымчыл диний агымдардын кооптуулугу бар экенин айтып, мындай шартта ыйманды күчтөй турган мечиттердин курулушун колдоо керектигин билдирди.

"Бул диний объект ыйман-ынсабы бекем, мекенчил, эл-журтуна кам көргөн эр-азаматтарды тарбиялап чыгарган ыйман борборуна айлансын", - деди президент сөзүнүн аягында.

Мечиттин курулушу чет элдик инвесторлор тарабынан жүргүзүлүүдө, долбоор 51 млн доллар деп бааланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/10807