Акылбек Жапарова Өзбекстандагы этникалык кыргыздардан кабар алды
Акылбек Жапаров Өзбекстандын Жызак облусуна караштуу Манас айылында жашаган этникалык кыргыздар менен жолукту. Министрлер кабинетинин төрагасы жолугушууда чет жерде жашаган мекендештерге колдоо көрсөтүү бийликтин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи.
"Кыргызстан менен Өзбекстанды көп кылымды камтыган жалпы тарыхыбыз байланыштырып турат. Биз тынчтыкта жана ынтымакта жашоону тагдыр өзү белгилеген бир тууган элдербиз. Манас айылын өнүктүрүү, бул жерде жашаган этникалык кыргыздардын жашоо шартын жакшыртуу боюнча зарыл чаралар көрүлүп жатканы кубандырат. Ата-бабаларыбыздын тилин, маданиятын, үрп-адатын, каада-салтын сактай алганыңыздар абдан жагымдуу. Сиздерди тарыхый мекениңиз менен байланыштырган жип эч качан үзүлбөшү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз", - деп белгиледи Жапаров.
Мындан тышкары заманбап үй-бүлөлүк поликлиника курулган жана эки жалпы билим берүүчү мектеп, бир бала бакча оңдоодон өткөрүлүп тиешелүү жабдыктар менен камсыздалган. Балдар аянтчалары, кичи футбол аянтчалары, стадион курулуп, тигүү цехтери ишке берилген.