"Бишкек сити" жана "Ыйман борборун" Матраимовдун кудасы курабы? Президенттин жообу
RU

"Бишкек сити" жана "Ыйман борборун" Матраимовдун кудасы курабы? Президенттин жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров 10-мартта эки чоң имараттын курулушуна старт бергени маалым болду. Алардын бири "Ыйман борбору" мечити, экинчиси беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор, соода жана турак жай аянттарын камтыган көп тармактуу заманбап комплекс.

Президенттин администрациясы тараткан маалыматта имараттар чет элдик инвестор тарабынан курулары айтылат. Ал эми сүрөттөрдөн чуулгандуу уйгур тектүү кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырга окшогон адам талкууга алынды. Көпчүлүк интернет колдонуучулар Хабибулла Абдукадыр демөөрчү болуп жатабы деген суроосун салышкан.

Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттиги аркылуу суроолорго жооп берди.

"Дүйнөлүк бренддеги беш жылдыздуу мейманканаларды Кыргызстанга чакырып жатам. Беш жылдыздуу мейманкана курам дегендерге жер беребиз, 5 жылга чейин салыктын кээ бир түрлөрүнөн бошотобуз" деп жарыя кылдым. Анын негизинде инвесторлор келди.

Арасында Хабибулла Абдукадыр дагы бар экен. Биз бул инвесторлорго жер берген жокпуз. Алардын мурда сатып алып койгон жери бар экен, илгерки "Нарын" ресторанынын орду. Ошол жерге беш жылдыздуу мейманкана салып башташты.

Баасы 321 млн долларлык 37 кабаттуу мейманкана башталды. Эң бийик биринчи имарат болот. Эки жылда бүтөбүз дешти. Бүткөндөн кийин стабилдүү түрдө 2100 жумушчу орун болот. Такси кызматы, тейлөө кызматтары иштейт. Кыскасы баш айгы болуп 5 миң жумушчу орун пайда болот. Туристтер келет.

Ошондой эле 20 миң адам бата турган, баасы 51 млн доллар турган мечит - медресе салып башташты. Бул мечитти "Аллахтан сооп табабыз" деп Кыргызстан мусулмандары үчүн бекер салып беришмей болду. Курулуш бүтөөрү менен муфтияттын балансына өтөт.

Бул мечит-медресе салынып бүткөндөн кийин дин жолуна түшкөн балдар-кыздарыбызды чет өлкөлөргө чыгарбастан өзүбүздөн, өзүбүздүн саясат менен, өзүбүздүн каада-салтыбыз менен окутабыз. Ошого шарт түзүлүп жатат. Буга чейинки ар кайсы өлкөлөрдөн окуп келишип ар кайсы динди, ар кайсы кийимдерди жайылтып жүргөндөрдү бара-бара бир нукка салабыз деген планыбыз бар.

Мындан сырткары Бишкектин ичинен жер сатып алышып "Бишкек-сити" деп кичи шаарча салмай болушту. Мурда эле пландап жүрүшкөн экен. Бизде тынчтык орнобой бийлик башындагылар бири-бирибиз менен чабыша берип, булар Ташкентке кетип, "Ташкент-ситини" куруп бүтүп калышыптыр.

Эми бизде стабилдүүлүк орногондон кийин кайра инвесторлордун баарын чакырдым. Кайра бизге келишти. Кыскасы, Бишкекке баш-аягы бир жарым млрд доллар инвестиция салышат. Мунун эмнеси жаман?

Ал эми мурдагы президенттер менен кандай мамиледе болгону мени кызыктырбайт. Эң негизгиси кылмыш иши жок болсо, издөөдө жок болсо болду. Мага Кыргызстандан акча чыгарып кетпей, тескерисинче, акча киргизгендер болсо, "келгиле, ар кайсы тармакка акча салгыла" деп барын чакырам.

Кол чаап тосуп алам. Интригадан башы чыкпаган журналисттердин же саналуу адамдардын сын-пикирлеринен коркпойм. Эң негизгиси жаман иш жасап, коррупцияга аралашып кетпесем болдубу? Жалпы эл, Кудай көрүп турат барын", - деди өлкө башчы.

Белгилесек, бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимов тун уулун ишкер Хабибула Абдукадырдын кызына үйлөнткөнүн Reporter.kg өз булактарына таянып жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/10822