"Айыл Банк" 6%дык жеңилдетилген насыяларды бере баштады
RU

"Айыл Банк" 6%дык жеңилдетилген насыяларды бере баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Айыл Банк" "Айыл чарбасын каржылоо-11" мамлекеттик программасынын алкагында жеңилдетилген насыяларды бере баштады.

"АЧК-11" долбоорунун алкагында насыялар жылына 6% менен эки категория боюнча берилет:

  • мал чарбачылыгына;
  • өсүмдүк өстүрүүгө.

Ошондой эле:

  • 150 миң сомго чейин, 18 айга чейинки мөөнөт менен – күрөөсүз негизде каржыланат;
  • 500 миң сомго чейин, 36 айга чейинки мөөнөт менен - күрөөлүк негизде.
  • Сууну үнөмдөөчү сугаруу технологиялары (тамчылатып сугаруу, жамгырлатуу, гидропондук сугаруу), күнөскана чарбалары, интенсивдүү багбанчылык, канаттууларды багуу, балык өстүрүү;
  • балчылык;
  • асыл тукум малды сатып алуу, кыркын пункттарын жана жугушсуздандыруучу ванналарды куруу жана жабдуу жана жасалма жол менен уруктандыруу үчүн жабдууларды алуу – алектенген субъектер үчүн 5,0 млн сомго чейин, 60 айдан ашык эмес мөөнөткө берилет.

Белгилей кетсек, "Айыл чарбасын каржылоо-11" долбоору 2023-жылы айыл чарба иштерин өз убагында жүргүзүүдө республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/10923