Жалал-Абадда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды
RU

Жалал-Абадда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Сейсмология институтуна шилтеме берүү менен билдирди.

Маалым болгондой, жер титирөө бүгүн, 15-апрелде саат 15:49да болгон. Сузак районунун Жийде айылында 4 балл, Жалал-Абадда 3,5 балл катуу сезилди.

"Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор жок", - деп билдирди ӨКМ.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/11627