№1 гимназиянын эки кабаттуу имаратында жашаган мурдагы жетекчи чыгарылды
1246
Бишкек шаарында Жибек-Жолу кең көчөсүндөгү Каниметов атындагы №1 гимназия-интернатынын аймагындагы өз билемдик менен басып алынган муниципалдык эки кабаттуу имарат бошотулду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди.
Айтымында, гимназия-интернаттын күнөсканасынын аймагына имарат, ошондой эле тосмо мыйзамсыз курулган. Бул жайда мектептин окуу бөлүмүнүн мурдагы башчысы үй-бүлөсү менен жашачу. Ал эми директор мектептин аймагындагы башка жайда жашачу.Мозгачева белгилегендей, алар бул жайларды мыйзамсыз ээлеп алышкан.
Учурда мэриянын комиссиясы кырдаалды иликтеп жатат.
Эске салсак, 17-апрелде №1 мектеп-интернатында окуу процесси үзгүлтүккө учураган. Окуучулар сабактын учурунда плакаттарды көтөрүп чыгышкан.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://vb.kaktus.media/11661