Чек арадагы тургундардын курал алышынын жол-жобосу такталды
RU

Чек арадагы тургундардын курал алышынын жол-жобосу такталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинети Баткен облусунда чек арадагы аймактарда жашаган тургундардын сайлуу аңчылык курал сатып алышынын жол-жобосун тактаган тескемени чыгарды.

"2023-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жергиликтүү бийлик менен макулдашуу аркылуу Баткен жана Лейлек райондорунда туруктуу жашаган кыргыз жарандарына сайлуу аңчылык курал сатып алууга алардын менчигинде беш жылдан кем эмес мөөнөттө ок атуучу аңчылык сайсыз курал болсун деген талабы жок уруксат берилсин. Ички иштер министрлиги менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) ушул тескеменин негизинде зарыл болгон чараларды көрсүн. Тескеменин аткарылышын көзөмөлдөө президентинин администрациясына жүктөлсүн", - деп жазылган документте.

Эске салсак, 2022-жылдын октябрь айында парламент чек арада жашагандардын курал алып жүргөнүн тактаган мыйзам долбоорду дароо үч окууда кабыл алган.

Ага чейин, Жогорку Кеңеш "Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндөгү" мыйзам долбоорун көпчүлүк добуш менен жактырган.

Документке ылайык, "ыйгарым укуктуу жарандарды" жылына эки жолудан кем эмес атайын окуудан, аскердик даярдыктан өткөрүү жана курал берүү каралган. Мындан сырткары алардын өмүрүн, саламаттыгын камсыздоого мамлекет кепилдик берет.

"Чек арачы ыйгарым укуктуулар жөнүндө" мыйзамы 2015-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, мамлекеттин бүтүндүгүн камсыздоого чек ара аймактарында жашаган жарандар тартылып, аларга "чек ара ыйгарым укуктуулары" деген макам берилет.

Бүгүнкү күндө жалпы 140 чек ара ыйгарым укуктуу жаран кызмат кылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/11681