Геомаалыматтык технологиялар биздин көйгөйлөдү кантип чече алат?
RU

Геомаалыматтык технологиялар биздин көйгөйлөдү кантип чече алат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында
Кар көчкү менен сел тууралуу алдын ала билип, элди коопсуз жайга көчүрүугө мүмкүнбү? Жаңы жер тилкелерин өздөштүрүп, андан мол түшүм алуучу? Тоо кыркалары аркылуу жаңы жолду эффективдүү долбоорлоого болобу?

Ушул жана башка суроолор бүгүнкүдөй жаратылыш жана техногендик катаклизм мезгилинде болуп көрбөгөндөй актуалдуу. Ал эми геомаалыматтык технологияларды сабаттуу колдонуу аларды чечүүгө жардам берет.

Геомаалыматтык технологиялардын бүт дүйнөгө таралышы менен маалыматтардын мейкиндик баалуулугу жана алардын маанилүүлүгүн түшүнүү тынымсыз жогорулап, адамзаттын ишмердүүлүгүнүн түрдүү тармактарында колдонуу кеңейүүдө.

Натыйжалуу мамлекеттик башкаруу жана туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн мейкиндик маалыматтары тууралуу санариптик маалымат маанилүү стратегиялык ресурс болуп саналат. Биздин өлкөдө мындай маалыматтардын чоң көлөмү топтолгон жана аларды сабатуулук менен колдонууга мезгил жетти. Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы түрдүү булактардан алынган маалыматтардын агымын анализдөөсүз эффективдүү пландаштыруу мүмкүн эместигин көрсөттү.

Геомаалыматтар технологиясынын негизги компоненти – УММИ - улуттук мейкиндик маалыматтарынын инфратүзүмү болуп саналат. Бул технология, каржы жана адамдык ресурстарды ошондой эле мейкиндик маалыматтарын чогултуу, иштеп чыгуу, жайылтуу жана пайдалануу менен байланышкан алардын аракеттерин камтыган комплекс. Маалымат тутуму менен http://nsdi.kg сайтынан таанышууга болот.

УММИнин негизги маскаты - мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жеке секторлордун мейкиндик маалыматтарына эркин кирүүсүн камсыздап, аны эффективдүү пайдаланууга шарттарды түзүү. Картографиялык интерфейс объект боюнча маалымат алуу, масштабды өзгөртүү, аралыктарды жана аймактарды өлчөө, катмарларды кошуу/өчүрүү жана башка ушул сыяктуу карта менен иштөөнүн стандарттуу мүмкүнчүлүктөрүн сунуштайт.

Мындай маалыматтык ресурс айыл-чарба ишмердүүлүгү, курулуш, өзгөчө кырдаалдар, айлана-чөйрөнү коргоо, аймакты пландоо жана экономика чөйрөсүндөгү маалыматтарды колдонуу менен байланышкан көйгөйлөрдүн бүтүндөй спектрин чечүүгө мүмкүндүк берет.

Геомаалыматтарды колдонуу жана анализдөө табияттын өзгөрүшүнүн натыйжасындагы кыйратуучу кесепеттерди алдын ала алат. Ал эми өлкөбүз үчүн эң маанилүүсү - сел, жер титирөө жана кар көчкү тууралуу алдын ала маалымат алып, табийгый кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрө алабыз.

Азыр Кыргызстанда көптөгөн аткаруу бийлигинин органдары, министирлик жана ведомстволор, жергиликтүу өз алдынча башкаруу жана чарба субьекттери мейкиндик маалыматтарын жаратат жана колдонушат.

Мисалы Кыргызстанда түшүмдүүлүгү төмөн жайыттарды пайдалануу маселеси көптөн бери туура чечимди талап кылып келген. Алардын жалпы аянты 614 миң гектарды түзөт. Мындай жайыттарды айыл-чарбасына ыңгайлаштырып өздөштүрүүгө өткөрүү дароо бир катар меселелерди чече алат - түшүмдүүлүктүн жогорулашы калктын иш менен камсыз болушуна жана кирешесинин өсүшүнө, экспорттук потенциалдын өсүшүнө жана импортко болгон муктаждыктын азайышына алып келиши ыктымал.

Жайыттарды натыйжалуу башкаруу, токой өстүрүү же мөмө өстүрүү сыяктуу аракеттер менен жайыттарды пайдалануу ыкмасын өзгөртүү, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтууга, кургакчылыкка каршы күрөшүүгө, ошондой эле топурактын абалынын жакшырышына, көмүртектин кору чогулуусуна салым кошо алат.

Ири масштабдуу карталарды түзүү үчүн "Кыргызгипрозем" мамлекеттик ишканасы 2020-жылдан 2022-жылга чейин жайыттарга геоботаникалык изилдөө жүргүзгөн.

Бүгүнкү күндө айыл чарба өндүрүшчүлөрү жана жерди ижарага алуучулар геопорталдан, түшүмдүүлүгү төмөн жайыт аймактарынын жайгашкан жерин гана эмес, өздөрунө керектүү гидрография (дарыялар, каналдар, суу объектилери), жол тармагы, кыртыштын түрлөрү жана башка ушул сыяктуу маалыматтарды да көрө алышат. Геомаалыматтарды камтыган портал http://nsdi.kg дарегинде жайгашкан.

Мындай маалымат ар кандай булактардан (Айыл чарба министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Токой кызматы, Суу кызматы ж.б.) келет, бирок бир порталда жайгашып негиздүү бизнес чечимдерди ыкчам кабыл алууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет. Дыйкандар менен ижарачылар ар бир жер тилкеси боюнча абалдын толук жагдайын көрүп, өздөрүнүн иш багытын, ресурстарды пайдалануунун экономикалык максатка ылайыктуулугун болжолдой алышат.

Улуттук портал социалдык өнүгүү, өзгөчө кырдаалдар учурунда аракеттенүү, маалыматтык технология сыяктуу мамлекеттик жана жеке секторлор тарабынан геомейкиндиктик маалыматтарын ар тараптуу кеңири колдонуусуна көмөтөшүүсү керек.

Ресурстарды натыйжалуу башкаруу, биздин дүйнөнү туруктуу өнүктүрүү жана сактоо үчүн мейкиндик маалыматтарына, геомаалыматтык технологияларга инвестиция менен кызыгуулар тынымсыз жогорулап турушу зарыл.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/11682