Кыргызстанда кызамык оорусу боюнча кырдаал курч. Ооругандардын саны кескин өсүүдө
RU

Кыргызстанда кызамык оорусу боюнча кырдаал курч. Ооругандардын саны кескин өсүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда 24-апрелден 30-апрелге чейин созула турган Европалык иммунизация жумалыгы башталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева маалымат жыйынында билдирди.

"Кээ бир балдар 2020-жылдан бери вакцинанын бир же бир нече дозасын, анын ичинде кызамыкка каршы вакцинанын биринчи дозасын өткөрүп жиберишти деп айтууга негиз бар. Ата-энелер балдарын толук эмдөөдөн өткөрүүнүн маанилүүлүгүн түшүнүүсү жана бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануусу маанилүү. Балдар вакцинанын дозасын өткөрүп жибербеши керек", - деп белгиледи министрдин орун басары.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын айтымында, январь айынан бери Кыргызстанда кызамык менен ооруган 178 учур катталды.

"Абал чыңалган бойдон калууда. Мен белгилейм, бул биздин өлкөдө гана эмес. Россияда миңден ашуун, Тажикстанда 500дөн ашуун, Өзбекстанда 30, Түркияда 100дөн ашуун учур катталды. Бул жакка илдет келип жатат. Ошондуктан мен ата-энелерди балдары тууралуу ойлонууга чакырат элем, кызамыкка каршы вакцинанын биринчи дозасын баланын бир жашында, экинчисин мектепке кирер алдында өткөрүп жибербөө керек", - деди ал.

Эске салсак, 3-апрелге карата 2023-жылдын башынан бери 41 оорусу аныкталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/11798