Эсеп палатасы агрардык долбоордо 105,2 млн сом сарамжалсыз пайдаланылганын аныктады
RU

Эсеп палатасы агрардык долбоордо 105,2 млн сом сарамжалсыз пайдаланылганын аныктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эсеп палатасы Кыргызстандын агрардык секторун өнүктүрүү долбоорлоруна бөлүнгөн акчанын ичинен 105,2 млн сом сарамжалсыз пайдаланылганын аныктап чыкты. Бул тууралуу аталган ведомстводон маалымдады.

Белгилүү болгондой, 2013-2019-жылдар аралыгында "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү - 1" долбоорунда туура эмес пайдаланылган фактылар табылган.

"Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы жайыттарга мониторинг жүргүзүп, баалоо милдети тагылган 20 адис жана консультанттарга 5,9 миллион сом төлөнгөнү менен тиешелүү материалдар топтолгон эмес. Жайыттардын абалы, жайыттардын деградациясынын деңгээли жана аянты боюнча расмий маалыматтар жок болуп чыккан", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Кыргызстан-Польша ветеринардык келишимди ишке ашырууда ветеринардык палатанын операциялык чыгымдарына 10,4 млн сом каржыланганы айтылганы менен иштин жыйынтыгы канаттандырарлык болгон эмес.

"Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу башкармалыгынын жетекчилигинин функционалдык милдеттеринин кайталанышы жалпысынан 1,5 млн сомдук айлыкты сарамжалсыз пайдаланууга алып келгени аныкталган.

"Рынокторго чыгууну камсыздоо" долбоорунун алкагында (2019-2021-жылдарга долбоорду ишке ашыруу) 2,8 млн сом бөлүнгөнү менен долбоор айтылгандай ишке ашкан эмес", - деп билдирди Эсептөө палатасынан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/11913