Жалал-Абадда кыздарды сойкулукка мажбурлаган киши кармалды
RU

Жалал-Абадда кыздарды сойкулукка мажбурлаган киши кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда шантаж жолу менен кыздарды сойкулукка иштетип жүргөн деген шек менен блогер кармалды. Бул туурасында облустук милициядан Kaktus.kg сайтына билдиришти.

Белгиленгендей, Жалал-Абад шаарынын аймагында Н. аттуу жаран сутенердук кылуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруп, сойкулук менен алектенүүгө кыздарды мажбурлап жаткандыгы боюнча милицияга билдирүү түшкөн.

Бул факты 160-берене (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө 28-апрелде 1989-жылы туулган Ч.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал Жалал-Абад шаарынын тургуну.

Тергөөнүн жүрүшүндө Ч.Н. интернет тармагындагы өзүнүн баракчалары аркылуу блогерлик кыларын, сойкулук менен алектенген кыздар тууралуу маалыматтарды таркатуу менен шантаж кылып, 25 жана 27 жаштагы кыздарды мажбурлап иштетип жүргөндүгү аныкталган. Милиция тарабынан Жалал-Абад шаарындагы кыздар иштеп жаткан батир тинтүүгө алынып, тиешелүү далил буюмдар алынган.

Кылмыш ишине шектелип кармалган жарандан жабыр тарткандар болсо 102, 03722 5 28 31, 0550 39 00 01, 0779 10 10 45, 0778 00 00 98 номерлерине кайрылса болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/11919