"Газпром Кыргызстан" менен акча табуу мүмкүн деген билдирүүлөр фейк
RU

"Газпром Кыргызстан" менен акча табуу мүмкүн деген билдирүүлөр фейк

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарга "Газпром Кыргызстан" менен акча табуу мүмкүн деген сунуш жарыяланууда. Компания мындай акция өткөрүлбөгөнүн билдирет.

"Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде "Газпромбанк Кыргызстан" ЖЧКсы түзүлүп, депозиттик эсептерди ачуу мүмкүн деген билдирүү активдүү тарап жатат.

Билдирүү жалган. Бул билдирүүнү алган ар бир адамдан ага эч кандай жооп бербөөнү жана эч кандай шилтемелерди ачпоону, баскычтарды баспоону суранабыз. Бул билдирүүнү шылуундар таратып жатат!", - деп баса белгилешти компаниядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/12107