Кытай Кыргызстанга бекер каржылык жардам көрсөтөт
RU

Кытай Кыргызстанга бекер каржылык жардам көрсөтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кытай Кыргызстанга бекер каржылык жардам берет. Мындай макулдашуу Садыр Жапаровдун Кытайга болгон расмий сапарынын алкагында жетишилди.

Экономика министрлиги билдиргендей, 18-майда КРнын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Цин Ганг макулдашууга кол коюшту. Ал документ Кыргыз Республикасына КЭРдин өкмөтү акысыз жардам көрсөтүү жөнүндө.

Кытай тарап эки өлкөнүн техникалык-экономикалык кызматташтыгынын алкагында артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн грант бөлөт. Гранттын көлөмү жана кайсы долбоорлорго бөлүнгөнүн ведомство тактаган жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/12336