Анжелика: Шаардык кеңешке өтпөй калды деген маалымат туура эмес
RU

Анжелика: Шаардык кеңешке өтпөй калды деген маалымат туура эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Анжелика Кайратова "Биздин эл" партиясынан депутаттыкка талапкерлигин койгон болчу. "Бизге 5 мандат берилип жатат. Бешөөнүн бирөөсүнүн ордуна мен өз каалоом менен депутат болуп отура алам", - деп билдирди.

"Бирок, менин көздөгөн максатым - элге кандай болсо дагы пайда алып келүү! Ден -соолугумду бекемдеп, сөзсүз келээрки жылы болобу, же жарым жылда болобу, мен шаардык кеңешке келем! Менин ал жерде ордум бар! Өтпөй калды деген маалыматтар туура эмес маалымат!" - деп Анжелика, Instagram баракчасына жазган.

Эске салсак, 11-апрелде республика боюнча жергиликтүү кеңешке шайлоо өткөн. Бишкек шаардык кеңештеги 45 орунга 25 саясий партия талапкерлигин койгон. Алдын ала маалыматтар боюнча алты партия өттү. Алар:

  • "Эмгек" - 13,8%.
  • "Ак Бата" - 12,15%.
  • ЭДПК – 10,43%.
  • "Ата-Журт Кыргызстан" - 9,63%.
  • "Ынтымак" - 8,34%.
  • "Биздин Эл" - 7,73%.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/1253