Жаңы конуштардын биринде акча менен үгүтчүлөр кармалды
RU

Жаңы конуштардын биринде акча менен үгүтчүлөр кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28-майда депутаттыкка талапкер Дамира Ниязалиеваны колдоп шайлоочуларды сатып алууга шектелген үгүтчүлөрдү милиция кармады. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына талапкер Эртай Исаков билдирди.

Айтымында, анын штабына Ак-Ордо конушундагы "Алтынай" кафесинде 3 үгүтчү аял 19 миң 700 сом акча, ошондой эле үгүт материалдары менен кармалганы тууралуу маалымат түшкөн. Алар шайлоочуларды сатып алууга аракет кылышкан.

Окуя болгон жерде Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери иш алып барышкан.

"Аларды пара менен кармашты деп айтсак болот", - дейт ал.

Бул окуя боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн маалыматы бар.

Талапкер өзү кафеде болгон эмес. Кошумчалай кетсек, Эртай Исаковго карата да пара берген деген шек менен Борбордук шайлоо комиссиясына арыз түшкөн. Бул маселе боюнча да иликтөө жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/12574